Ош-Андижан багыты боюнча маршруттук каттам кайрадан жанданды

 Ош-Андижан багыты боюнча маршруттук каттам кайрадан жанданды

Ош-Андижан багыты боюнча маршруттук каттам кайрадан жанданды. Бүгүн алгачкы каттам менен 15 жаран достук чек арасы аркылуу өтүп кетти.

Маалым болгондой, эми маршруттук унаалар Ош автобекетинен ар күнү, жыйырма мүнөт сайын каттап турат. Ушундай эле каттам Андижандан Ошту карай иш алып барат. Жол акысы 140 сом.

Эске сала кетсек, Ош – Андижан шаарларынын ортосундагы каттам пандемиядан улам токтотулган болчу.

Жанылыктар