Ош: Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 1-август күнү Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Ак-Буура дарыясында болжол менен 50-55 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨКМ сууга түшүү жана сууга түшүү эрежелерин бузуу кырсыктарга жана өлүмгө алып келээрин эскертет. Ошондой эле мас абалында сүзүү коркунучтуу экенин спирт ичимдигин ичип алган адам өзүн башкара албай калат жана сууда жүрүү ориентациясы начар болорун билдирет.