ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош аэропортунун директорунун жардамчысы кармалды     

 Ош аэропортунун директорунун жардамчысы кармалды      

Ош аэропортунун директорунун жардамчысы Эмил Ашимов кармалды. Бул тууралуу  өздүк булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Транспорт прокуратурасы тарабынан «Манас» эл аралык аэропорту» ААК филиалында коррупциялык схема аныкталган. Кылмыш иши козголуп, анын алкагында Эмил Ашимов кармалды.

«Аэропорттон өзгөчө ири өлчөмдө акча чыгарылганы белгилүү. Ошондон улам “Манастын” акционерлери дивидендинен ажырап калышты. Эмил Ашимов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Келтирилген чыгымдын так суммасы такталууда», – деп  айтылат маалыматта.

Жанылыктар