«Ош» аэропортундагы суу каптоону иликтей турган жумушчу комиссия түзүлөт

«Ош» аэропортундагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 18-майда катуу жааган жаандан «Ош» аэропортунун шыбы урап түшкөн. Аэропорттун шыбынан суу агып, бир бөлүгү урап калган.
Ал учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жаткан. Учурда бардык рейсттер өз убагында аткарылууда деп айтылат маалыматта.
Мекеме жетекчилиги шыбы түшкөн имарат мындан беш жыл мурун 78 млн. сом коротулуп, жаңыдан курулганын ырастады. Аэропорттогу жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлмөй болду.