Ош: Өзгөн районунун Кара-Таш унаа жолу жабылды

 Ош: Өзгөн районунун Кара-Таш унаа жолу жабылды

Ош облусундагы Өзгөн районунун Кара-Таш унаа жолу жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5 май күнү түнкү саат 02:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Чангет айыл өкмөтүнүн, Өстүрүү айылынын Кара-Таш тилкесинде ички чарбалык унаа жолдун 47-чакырымын сел суулары жээп, жол каттамы жабылган жана 1 турак үйдүн короосун каптаган.

Учурда жолду оңдоп тазалоо иштерин жүргүзүүгө техника тартуу каралууда. Жеринде байланыш жок болгондуктан маалымат кеч берилген.

Жанылыктар