Ош: өрттөн улам Кулатов кичи районунда 28 жаран эвакуацияланды

Ош шаарында өрт кырсыгынан улам Кулатов кичи районунун 28 тургуну эвакуацияланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Кулатов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:20да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 14:49та чектөөгө алынып, 15:17де толук өчүрүлдү.
Өрт учурунда куткаруучулар тарабынан 28 адамды эвакуациялаган. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши колунан жаракат (сындырып) алган.