Орусияга каршы санкцияларды алып салуу талабы менен Германияда миңдеген адам митингге чыкты

 Орусияга каршы санкцияларды алып салуу талабы менен Германияда миңдеген адам митингге чыкты

5-сентябрда Германияда миңдеген адам баалардын көтөрүлүшүнө каршы митингге чыкты. Бул тууралуу Известия гезити жазды.

Маалыматка караганда, митингге чыккандар электр энергия жана азык-түлүктүн кымбатташына себеп болгон Орусияга каршы санкцияларды алып салууну талап кылышкан.

Ага чейин Германиянын Кельн шаарынын тургундары Орусияны колдоо акциясына чыкканы кабарланган. 400дөй киши көчөгө чыгып, Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларын алып салууну талап кылышкан.

Мындан бир нече күн мурда, «Германия үчүн альтернатива» партиясынан депутат Марк Бернхард Германиядагы энергетикалык кризистен улам сентябрда ири демонстрациялар болушу мүмкүн экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Евробиримдик Орусия Украинага каршы согуштук аракеттерди баштагандан тарта санкцияларды киргизген. Андан бери батыш өлкөлөрү энергетика тармагында баанын кескин көтөрүлүшүнө туш болууда.

Жанылыктар