Орусияга каршы санкциялар рублдин курсун түшүрдү

 Орусияга каршы санкциялар рублдин курсун түшүрдү

Орус рубли позициясын жоготуп жатат. Бугун  эртең мененки  маалыматка караганда, ал долларга карата рекорддук деңгээлге түштү.

Байкоочулар базар туруксуздукка жана али толук жайылтыла элек санкцияларга ушундай реакция кылып жатканын белгилешүүдө. 28-февралдын таңында доллардын баасы 108 рублден, евро 121 рубль жарымдан ашты. Москва биржасында таңкы соода токтотулду.

Буга чейин Россиянын Борбордук банкы брокерлерге заказ жокко чыгарылганга чейин биржада жана биржадан тышкаркы базарларда кыска сатууга убактылуу тыюу салган. Эске салсак, Орусия Украинага басып киргенден кийин Россия Федерациясынын каржы институттарына олуттуу чектөөлөр киргизилген – айрым структуралар SWIFT системасынан ажыратылган, ал эми Борбордук банктын Батыш өлкөлөрүндөгү активдери тоңдурулган.

Россиянын ири банктары, анын ичинде Сбербанк өз кардарларын жаңы санкциялар орусиялыктардын эсептериндеги акча каражаттарынын сакталышына таасир этпейт деп ишендиришүүдө.

Жанылыктар