Орусиядан Өзбекстанга келаткан автобус кырсыкка кабылды

Орусиянын Оренбург облусунда Нижний-Новгород – Өзбекстан каттамы менен келаткан жүргүнчү автобусу жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында аймактын ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен.
“Автобуста 29 киши, анын ичинде балдар болгон. Кырсыктан эч ким жаракат алган жок. Бардык жүргүнчүлөрдү медиктер карап чыгышты”, – деп жазылган башкармалыктын билдирүүсүндө.
Оренбург облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жүргүнчүлөр алгач жергиликтүү маданият үйүнө жайгаштырылып, кийин башка автобус менен жолун улантканын билдирди.
Эске салсак, 2018-жылы Казакстандын Актөбө облусунда өзбек жарандары бараткан автобуста өрт чыгып, 52 киши өлгөн.