Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү 23-августта өлкөгө алып келинет

 Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү 23-августта өлкөгө алып келинет

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына 23-августта учуп кетип, ошол эле күнү саат 18:00дө Ошко келип конот.

“Каза болгон 14 адамдын ичинен жетөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткиребиз”, – дегенАжикеев.

Жанылыктар