Орусияда мобилизацияга каршы акцияларда жүздөгөн киши кармалды

 Орусияда мобилизацияга каршы акцияларда жүздөгөн киши кармалды

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында өткөн мобилизацияга каршы акцияларда миңден ашык киши кармалды.

Акцияга чыккандар “Балдарыбызга жашоо”, “Путинди окопко” жана “Согушка каршыбыз” деп кыйкырышты.

“ОВД-Инфо” укук коргоо уюмунун Москва убактысы боюнча саат 01:00гө карата жарыялаган маалыматына ылайык, Санкт-Петербургда мобилизацияга каршы акцияга чыккан 537, Москвада 535 киши кармалды. 21-сентябрда мындай акциялар Орусиянын 38 шаарында өтүп, өлкө боюнча кармалгандардын жалпы саны 1410 жетти.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мобилизация жарыяланганын билдирген. Ал эми Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты.

Армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылат.

Жанылыктар