Орусияда кыргызстандык жубайлар иске ууланып каза болду

 Орусияда кыргызстандык жубайлар иске ууланып каза болду

Россиянын Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алар 1992-жылы туулган М.у.Т. жана 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу (жубайлар) Кыргызстандын жарандары болушкан.

Элчиликтин кызматкерлери Якутск шаарындагы кеңседе маркумдун тууганы менен кездешип, каза тапкандардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлүп, документтерин кабыл алышкан.

Көз жумган жубайлардын артында бир баласы калды. Ага Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасы кам көрөрү белгилүү болду.

Жанылыктар