Орусияда өспүрүмдөр үчүн коронавируска каршы вакцина катталды

Орусияда COVID-19 га каршы вакцинаны 12-17 жаштагы өспүрүмдөргө колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу Гамалея эпидемиология жана микробиология илимий борборунун жетекчисинин орун басары Денис Логунов билдиргенин РИА Новости билдирди.
“”Спутникти” балдар арасында колдонууга уруксат алынды, вакцина каттоодон өттү”, — деди ал брифингде.
Белгилүү болгондой, вакцина «Sputnik M» деп аталат. Ал “Sputnik V нин” баштапкы платформасындай эле негизделген жана 21 күндүк интервал менен эки компонентте сайылат.