Орусия түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн дагы бир тажикстандык көз жумду

 Орусия түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн дагы бир тажикстандык көз жумду

Гиссар шаарында Орусия түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн дагы бир тажикстандыктын сөөгү жерге берилди.

27 жаштагы Зульфикор Мухиддиновдун сөөгү 22-январда Москвадан Тажикстанга жөнөтүлгөн.

Ал үй-бүлөдөгү жалгыз уул болгон. Зульфикордун агасы Хуршед Мухиддинов “Озоди” радиосуна иниси 2019-жылы Орусияга иштегени кеткенин, кийин түрмөгө камалганын билдирди.

Зульфикор Мухиддинов былтыр октябрь айынан бери үй-бүлөсү менен байланышкан эмес.

Хуршед Мухиддиновдун айтымында, иниси согушка кеткенин эч кимге айткан эмес. Бир нече күн мурун гана Орусия Коргоо министрлигинин өкүлү алар менен байланышып, Зульфикор Украинанын Артемовск шаарында өлгөнүн кабарлады.

Жакындарынын айтымында, Зульфикор буту-колунан, төшүнөн жаракат алган. Ал эч жерде согушууну каалаган эмес, мекенине кайтып келүү үчүн жаза мөөнөтүнүн аякташын күтүп жаткан.

Азыркыга чейин Орусия түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн тажик жарандары жөнүндө кеңири маалымат жок. Соңку эки айда эле алардын кеминде бешөө өлгөнү кабарланды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар