Орусия Түркияга С-400 ракеталык комлексттердин экинчи топтомун сатканын билдирди

 Орусия Түркияга С-400 ракеталык комлексттердин экинчи топтомун сатканын билдирди

Москва Түркияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстердин экинчи топтомун сатып, келишимди ишке ашыруунун үстүнөн иштей баштады. Бул тууралуу Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев билдирди.

Анкара буга чейин аталган орусиялык комплекстердин биринчи топтомун сатып алганда АКШ Түркиянын коргонуу өнөр-жайына санкцияларды киргизип, F-35 согуштук учактарын сатуудан баш тарткан. Вашингтон Анкаранын С-400 комплексттерин сатып алуусу – анын НАТОго мүчө болуп киргенде алган милдеттенмелерине каршы келет деп эсептөөдө.

Шугаев Түркияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстери сатылганын Москвада өткөн “Армия-2022” форумунда билдирди. Бирок ал тиешелүү келишимге качан кол коюлганын тактап айткан жок.

“Оор саясий кырдаал Орусиянын өнөктөштөрү менен өз ара кызматташтыгынын айрым аспектилерине таасирин тийгизди. Бирок Түркия менен кызматташтык уланып жатат”, – деди Шугаев.

С-400 “Триумф” — орто жана узак аралыктагы ракеталык система. Аны Орусиянын куралдуу күчтөрү 2007-жылдан тарта пайдалана баштаган. Москва бул системаларды Түркиядан тышкары Кытай менен Индияга сатып, Сирияда колдонуп келет.

С-400 зениттик-ракеталык комплексттерди сатуу тууралуу келишимге Москва менен Анкара 2017-жылы кол коюшкан. Муну менен Түркия бул системаларды сатып алган НАТОго мүчө алгачкы өлкө болуп калган.

Вашингтон С-400 комплекстеринен баш тартуу талабы менен Анкарага бир нече жолу кайрылган. Түркия жооп катары өнөктөштөрү ага ыңгайлуу шарттарда ракеталык комплексттерди бере албаганын билдирген.

Жанылыктар