Орусия: мигранттардын орус тилин билбеген балдары мектептерге кабыл алынбашы керек

 Орусия: мигранттардын орус тилин билбеген балдары мектептерге кабыл алынбашы керек

Орусия Федерациясынын президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин жетекчиси Валерий Фадеев мигранттардын орус тилин билбеген балдары орус мектептерине кабыл алынбашы керектигин айтты.

Анын Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин Орусияда мигранттар үчүн адаптациялык борборлорду түзүү сунушуна карата жазган комментарийи Адам укуктары боюнча кеңештин телеграм-каналында жарыяланды.

Орусия президенти Владимир Путин менен Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Бариновдун жолугушуусу учурунда мигранттар үчүн адаптациялык борбор түзүү жөнүндө сөз болгон.

Путин: “Кишилер түшүнүшү керек: эгер алар Орусияга келишсе, алар биздин каада-салтты сыйлап, орус мыйзамдарын билиши жана сакташы керек”, – деп айткан.

Фадеев мигранттардын балдары тил билбей мектепке кабыл алынса, бүтүндөй класста билим аксайт деп эсептейт.

Жанылыктар