Орусиянын футбол курама командасы Кыргызстанга келди

 Орусиянын футбол курама командасы Кыргызстанга келди

Кечээ, 22-сентябрда Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Кыргызстандын “Ак шумкар” улуттук курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Футбол 24-сентябрь, саат 19:00до Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Орусиянын Улуттук курама командасы менен беттешүү Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу болоору айтылды.

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын курама командасы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо расмий машыгуусун өткөрөт. Машыгууга аккредитациядан өткөн ЖМКлар катыша алат.

“Саат 18:10до Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен команданын капитаны Валерий Кичиндин маалымат жыйыны өтөт. Саат 18:30да курама командасынын машыгуусунун алгачкы 15 мүнөтү ЖМК өкүлдөрү үчүн ачык болот”,-деп айтылат маалыматта.

 

Жанылыктар