Орусия, Белоруссия жана Казакстанда кызмат өтөгөн жетекчилер. Сүрөттөр

Бүгүн, 23-февраль- Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күнү Советтер Союзу доорунда Кызыл Армиянын күнү катары белгиленип келген. Бирок, өлкө эгемендик алгандан кийин Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип, майрамдалып келет.
Биздин редакция саясатчылардын аскердик кызмат өтөп жүргөндөгү сүрөттөрүн топтодук.
Президент Садыр Жапаров 1987- армияга барган. Новосибирск облусунун Коченево кыштагында №57849 аскер бөлүгүндө 235-Таллинн Кызыл жылдыз ордендүү байланыш полкунда кызмат өтөөгө дайындалган.
Сержант Жапаров Советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөө учурундагы эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланган. Эки жылдын ичинде Кыргызстандын болочоктогу президенти радио телеграф бөлүмүнүн нечальниги кызматына чейин жеткен. Ошондой эле ал, советтик армиянын отличниги төш белгиси менен сыйланган.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Казакстандын Бойкоңур космодромунда болгон.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 1988-1990-жылдары Полтава шаарында (Беларусиянын Витебск облусу) Стратегиялык ракеталык аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.