Орусия Өзбекстандан курулушчуларды тартуу боюнча долбоорду токтотту

 Орусия Өзбекстандан курулушчуларды тартуу боюнча долбоорду токтотту

Орус өкмөтү 21-февралдан тарта өзбекстандыктарды уюшкандык менен курулуш, өндүрүш жана айыл чарба иштерине орноштуруу боюнча долбоорду токтотту.

2021-жылы октябрда коронавируска байланышкан чектөөлөрдөн улам Орусиядагы курулуштарга Өзбекстандан мигранттарды тартуу боюнча пилоттук программа иштей баштаган.

Ага ылайык, өзбек жарандары Орусияга кирүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү, манжа издерин тапшыруу жана коронавируска каршы тесттен өтүү сыяктуу талаптарды Өзбекстандын аймагында эле аткара баштаган.

Орусиянын Курулуш министрлиги долбоордун токтотулушу коронавирустук чектөөлөрдүн алынганына байланыштуу экенин билдирди.

Орус өкмөтүнүн маалымтына ылайык, долбоордун алкагында курулуш иштерине Өзбекстандын 4 750 жараны катышкан.

Жанылыктар