Орус-украин сүйлөшүүсүнөн оң жыйынтык болбогону айтылды  

 Орус-украин сүйлөшүүсүнөн оң жыйынтык болбогону айтылды  

Кечээ, 28-февралда Беларуста Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өттү. Анда тараптар бир чечимге келе алышпай, сүйлөшүүнүн экинчи этабы жакынкы күндөрдө орун алары кабарланды.

Жолугушуу беш саатка созулган. Андан кийин Украинанын президенти Володимир Зеленский видео кайрылуу жасап, Орусия сүйлөшүү маалында басым көрсөтүүгө аракеттенгенине токтолду.

Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Орусия өз позициясын билдирди, согушту токтотуу үчүн биз тараптан пикирлер айтылды. Биз кээ бир сигналдарды алдык. Орусия кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатат, бирок биз андай тактиканы кабыл албайбыз. Согуш башталгандан бери Украинага каршы 56 ракеталык сокку урулуп, 113 канаттуу ракета атылды.

Харьковду аткылоо согуштук аракет, ал жерде бир дагы аскерий объект жок. Орустар кайсы жакка ок чыгарганын билген. Делегация Киевге кайтып келгенде, биз айтылгандардын баарын талдап, андан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы кандай өтөрүн чечебиз“, – деди ал.

Ал эми Россия президентинин кеңешчиси Владимир Мединский:

Сүйлөшүүлөрдө Россия, Украина делегациялары жалпы позицияларды божомолдоого мүмкүн болгон чекке келишти. Россия менен Украина сүйлөшүү процесстерин улантууну макулдашты. Кезектеги сүйлөшүү жакынкы аралыкта Беларусь – Польша чек арасында болот ”,-  деп айткан.

Жанылыктар