Орунбеков Sputnik Кыргызстандын Баткендеги иликтөөсү боюнча жооп берди

 Орунбеков Sputnik Кыргызстандын Баткендеги иликтөөсү боюнча жооп берди

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков  “Спутник” маалымат агенттиги тарабынан “Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?”- деген аталыштагы иликтөө боюнча комментарий берди. 

Анын айтымында, Баткендеги чек ара чырында жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тыкыр көзөмөлүндө.

““Спутник” сайтынын журналисти эски маалыматтарды пайдаланып, аны бүгүнкү күн менен жарыялап, тек гана көрөрмандарга “Баткендеги курулуш иштеринде К.Туманбаевдин кызыкчылыгы бар” деген таасирди калтыргылары келгени, негизги максат болгон деп эсептейбиз. Мындай фактысы жок божомолдор журналисттик этика, стандарттарын бузууга гана жатпастан, коомчулуктун кыжырдануусун күчөтүүгө карата жасалган атайы аракет катары баалоого болот”, – деп айтылат маалыматта.

Орунбеков иликтөөнү төгүндөө үчүн журналист Эламан Карымшаков менен Баткенге барышканын кошумчалады.

Эртең, 2-февралда 35 үй колдонууга берилет, 1 жума ичинде дагы 15 үй бүтөт. Жалпы 100, ар жума сайын курулушу аяктаганы үй ээлерине берилип турат.

Жанылыктар