Орунбеков: Өзгөндөгү жолугушууга элди киргизбей койду деген маалымат жалган

 Орунбеков: Өзгөндөгү жолугушууга элди киргизбей койду деген маалымат жалган

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал жыйынга “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин жана бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышарын баса белгиледи.

 “Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында  түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз”,-деди Дайырбек Орунбеков.

Президент менен бирге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Жанылыктар