Орозо айы 2-апрелде башталат

Кыргызстанда Орозо айы 2-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.
Тиешелүү чечимди уламалар кеңеши кабыл алган.
Рамазан айы 30 күнгө созулуп, 2-май — Орозо айт болушу ыктымал. 27-апрелден 28ине караган түнү Кадыр түн болушу мүмкүн.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.