Орозайым Нарматованын ордуна парламентке милиция кызматкери келиши мүмкүн    

 Орозайым Нарматованын ордуна парламентке милиция кызматкери келиши мүмкүн    

Орозайым Нарматованын парламенттеги ордун милициянын капитаны, Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Айгүл Айдарова ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу   «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, бош калган мандат партиялык тизме боюнча кийинки мандатты ээлейт жана ал кеткен адам менен бирдей жыныста болушу керек. Айгүл Айдарова Орозай Нарматованын артында турган.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы анын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин иликтөө материалдарынын жана Билим берүү министрлигинин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоодон баш тарткан. Орозайым Нарматова окуган окуу жайдын ректору 19-январда дипломун чакыртып алуу боюнча буйрукка кол койду.  ЖК депутаты Орозайым Нарматованы аталган окуу жайга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Жанылыктар