Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келди

 Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келди

Бүгүн, 25-январда борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тисмеси боюнча Айгүл Айдаровага депутаттык мандатты тапшырды. Ал мурдагы депутат Орозайым Нарматованын ордуна келди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы анын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин иликтөө материалдарынын жана Билим берүү министрлигинин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоодон баш тарткан. Орозайым Нарматова окуган окуу жайдын ректору 19-январда дипломун чакыртып алуу боюнча буйрукка кол койду.  ЖК депутаты Орозайым Нарматованы аталган окуу жайга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Жанылыктар