Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыкты

 Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды.

Мындай чечим Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматынын негизинде кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, депутат Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетин (ЖАМУ) аяктагандыгы тууралуу диплому мыйзам бузуулар менен берилген. Мисалы, Нарматованын өздүк делосунда мурунку орто билими тууралуу документ же анын көчүрмөсү жок, окууга кабыл алуу жөнүндө арыз жок, ошондой эле тапшырган кирүү экзамени тууралуу маалымат жок, окууга өткөндүгү тууралуу маалымат жок.

УКМКнын башкы тергөөчүсү Эдил Алишеровдун айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө 9-10-семестрде (5-курс, 2015-2016-жылдары) студент Нарматова Кыргызстандын аймагында болгон эместиги, ошого жараша сынактарга катышпаганы аныкталган. Депутат 5-курстун экзамендерин кантип тапшырды деген суроого жооп берүүдөн баш тартканы кошумчаланды. Нарматовага мыйзамсыз түрдө диплом берүү фактысы боюнча ЖАГУнун профессордук-окутуучулар курамына кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 19-январында ЖАГУнун ректорунун буйругу менен университеттин ички комиссиясынын чечиминин негизинде депутат О.Нарматовага берилген ЖОЖдун диплому жокко чыгарылган (диплом берүү буйругу жокко чыгарылган).

Жанылыктар