Орозайым Нарматова камакта калтырылды

 Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-ноябрда активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү карап, канааттандырган жок.

Ошентип, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун Нарматованы эки айга камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке алынып келинген.

Биринчи май райондук соту Нарматованы жана аны менен чогуу ушундай эле шек менен Москвадан алынып келинген активист Илгиз Шаменовду эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камаган.

Шаменовдун бөгөт чарасы шаардык сотто кайсы күнү каралары азырынча айтыла элек.

Эске салсак, 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар