Ооганстандагы жер титирөө 26 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын түндүк-батышында дүйшөмбүдө болгон жер титирөөдөн кеминде 26 адам набыт болду.
Бул тууралуу жергиликтүү Etilaat Roz гезити өзүнүн электрондук версиясында билдирди, деп маалымдайт ТАСС. Анын айтымында, каза болгондордун арасында беш аял бар. Бадгис провинциясында жайгашкан Бадрук айылында эле кеминде 15 адам табигый кырсыктын курмандыгы болду. Бадгистин административдик борбору Калай-Нау шаарындагы турак-жайларга олуттуу материалдык зыян келтирилген. Талибан кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү белгилегендей, аталган аймакта издөө-куткаруу иштери дагы эле уланып жаткандыктан каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн.
Дүйшөмбү күнү Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору Ооганстандын түндүк-батышында жер титирөө болгонун кабарлады. Күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Герат шаарынан 158 чакырым түндүк-чыгышта жана Калая-Наудан 58 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.