Он жылдан бери Өзбекстанда издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун лидери Кыргызстандан кармалды

 Он жылдан бери Өзбекстанда издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун лидери Кыргызстандан кармалды

Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Хизб ут-Тахрир” динийи-экстремисттик уюмдун лидери – чет элдик жарандын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстанда “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ аймактык жетекчиси болуп саналат, ал Кыргызстандын түштүк аймактарында жана Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарында “Хизб ут-Тахрир” түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстандын аймагында расмий издөөдө жүргөн.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында жашырынууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

 

Жанылыктар