Олимпиада: Максим Гордеев биринчи жарышта финишке жетпеди, экинчи оюнга 11:45те чыгат

Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу Максим Гордеев бүгүн, 16-февраль саат 8:15те жарышка түштү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
Слалом боюнча Олимпиадага катышкан Максим Гордеев 81-катар сан менен жарышка чыкты. Бирок, таймаштын алгачкы мүнөтүндө жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта албай калды.
Лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча экинчи жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 11:45ке белгиленген.
Кыргыз спортчусу катышкан слалом боюнча 88 спортчу Олмпиадага катышса анын 52си гана финишке жетти. Азырынча австриялык спортчу алдыга чыкты, анын көрсөткүчү 53,92 секунд.