Окуучуларга мектепте телефон колдонууга тыюу салынды

 Окуучуларга мектепте телефон колдонууга тыюу салынды

Окуучулар сабак учуругда уюлдук байланыштарды колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин атайын буйругу иштелип чыкты.

Ага ылайык, төмөндөгү учурларды кошпогондо билим берүү мекемелеринде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизилет:

Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;

Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;

Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;

Маалымат издөө үчүн  QR-коддорду окууда;

Электрондук күндөлүктү колдонууда.

Ал эми ден соолугуна байланыштуу телефонду колдонууга муктаж болгон балдарга уюлдук байланыштарды колдонууга чектөө коюлбайт. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда да телефон колдонууга болот.

Мындай тартип окуучулардын ден соолугунун начарлашынын алдын алуу, окуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

Жанылыктар