Окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды

 Окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды

Окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2022-2023-жылдардын базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болмок.

“Бирок министрлер кабинети бекиткен 2022-жылга карата өндүрүш планына ылайык, 7 жана 8-ноябрь календарда кызыл даталар болуп саналгандыктан мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, Кыргызстанда жыл сайын 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Буга байланыштуу быйылкы жылдын ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар