Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумушка кайтты

Сузактагы окуучу кызга кол көтөргөн мугалимге эскертүү берилип, жумушка кайтарылды. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Социалдык тармактарга тараган Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 23-майда орун алган мугалим менен окуучу кыздын ортосундагы чырдан улам кызматтан алынган болчу.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдун айтымында, мектеп жетекчилиги кечээ, 26-май күнү, жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим жумушун кайра улантаарын билдирди.