Тажик тарап ок атышпоо келишимин аткарбай жатат. Чек арадагы соңку кырдаал

 Тажик тарап ок атышпоо келишимин аткарбай жатат. Чек арадагы соңку кырдаал

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 10:15ке карата кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын билдирди.

Ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Кыргызстандын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлигинин колбашчысы Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.

Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.

Саат 8:30дан баштап Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Жанылыктар