Нурсултан Назарбаев буга чейин ээ болгон бир топ укуктарынан ажыратылды

 Нурсултан Назарбаев буга чейин ээ болгон бир топ укуктарынан ажыратылды

Бүгүн, 27-январда Казак парламентинин жогорку палатасынын депутаттары пленардык жыйында, республиканын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди Казак элинин ассамблеясында жана коопсуздук кеңешинде өмүр бою төрагалык кылуу укугунан ажыратты. Бул боюнча РИА новости маалыматтык агенттиги жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык бул боюнча Казак парламентинин төмөнкү палатасы, Мажилис 19-январда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгени жактырган жана түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин сайтына жайгаштырылган.

Ошентип,  Казак парламентинин конституциялык мыйзамдар, сот жана укук коргоо органдары боюнча комитетинин корутундусуна ылайык Казак элинин ассамблеясынын төрагасын жана Коопсуздук кеңешинин башчысын дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык Казакстандын биринчи президенти, Елбасы Нурсултан Назарбаев Казак элинин ассамблеясы менен Коопсуздук кеңешинде өмүр бою төрагалык кылуу укугунан ажыратылат.

Мындан сырткары парламентте Нурсултан Назарбаевди Республиканын конституциялык кеңешине кирүү жана өкмөт менен парламентте чыгып сүйлөө укугу каралып, бул багытта башкы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуулар жүрүп жатканы маалым болду.

Жанылыктар