Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

 Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Төрт фракциясын чечими менен төрагалык кызматка Шакиевдин талапкерлиги сунушталган.

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Шакиевге 80 депутат макулдугун берди. Алты депутат каршы добуш беришти.

Шакиев бир мандаттуу Аксы шайлоо округунан шайланып, мандат алгандан кийин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кошулган.

Төрагалык кызматты буга чейин Талант Мамытов аркалап келген. Ал өз ыктыяры менен кызматын тапшырды.

Жанылыктар