Нурия Сооронова айыл чарба министринин орун басары болду

Нурия Сооронова Айыл чарба министринин жер ресурстары боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Сооронова мурда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.