Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовду сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун штабы жарыштагы атаандашы Шайлообек Атазовду сотко берди. Бул тууралуу арыз ээсинин тарапкерлери билдирди.
Эске сала кетсек, экөө тең Жогорку Кеңештин депутаттыгын №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча ат салышкан. Автоматтык эсептөөчү урнанын (АСУ) алдын ала маалыматы боюнча, Алимбеков шайлоочулардын 40,96 пайыз добушуна ээ болуп, жарышта алдыга чыкты.
Буга чейин Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.
Нурбек Алимбеков болсо, Атазовду ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан деп эсептейт.
«Ал бизди жамандап, жалаа жаап жатат. Ошондуктан сотко кайрылууга туура келди”,-дейт шайлоо штабынын кызматкери.
Буга чейин Шайлообек Атазов Нурбек Алимбековду жана анын тарапташтарын административдик ресурс колдонгон жана добуштарды сатып алуу үчүн айыптаган. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында ушундай эле билдирүүлөрдү жасап, мындай мыйзам бузууларга кандай мамиле кыларын билүү үчүн БШК мүчөлөрүн чакырууну талап кылды.