Нур-Султанда Январь окуясында курман болгондордун жакындарын полиция кармап кетти

 Нур-Султанда Январь окуясында курман болгондордун жакындарын полиция кармап кетти

Кечээ, 6-сентябрда Нур-Султандагы президент администрациясына арыз ташырууга келген 20дай кишини полиция кармап кетти.

Алар Январь окуялары боюнча камакта отургандардан айыптарды алып салууну жана тополоң учурунда өлгөн жакындарынын ишин ачык-айкын тергөөнү талап кылып жатышкан.

Кармалгандардын көбү – Январь окуяларынан кийин ар түрдүү айып менен камакка алынгандардын ата-энелери. Активист Сания Түнгатарованын айтымында, алар Нур-Султанга Алматы, Тараз, Талдыкорган жана Кызылордодон келишкен.

Кармалгандардын бир бөлүгү Алматы райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Өзүн полиция кызматкери деп тааныштырган адам ушул тапта сурак жүрүп жатканын андан соң кармалгандар бошотуларын айтты.

Президент Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрдагы өз кайрылуусунда Январь окуясынан кийин суракка алынып жатканын кишилерге мунапыс жарыялоого убада берген.

Жанылыктар