Нуланд: АКШ Украинанын Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге сокку уруусун колдойт

 Нуланд: АКШ Украинанын Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге сокку уруусун колдойт

Вашингтон Украинанын аннексияланган Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге сокку уруусун колдойт. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд билдирди.

“Орусия Крымда көптөгөн аскердик объектилерди курган. Алар мыйзамдуу буталар, биз Украинанын ал объектилерге сокку жасашын колдойбуз. Жок дегенде Крым куралсыздандырылмайынча, Украина коопсуздукта болбойт”, – деди Нуланд.

Ал ошондой эле АКШ эч качан Крымды Орусияныкы деп тааныбаганын жана ал толугу менен Украинага таандык экенин белгиледи.

“Украина эл аралык деңгээлде таанылган бардык аймагын кайтарып алуу үчүн күрөш жүргүзүүдө жана АКШ буга колдоо көрсөтүүдө”, – деди Нуланд.

Орусиянын айрым бийлик өкүлдөрү Украина Крымга чабуул баштаса, Москва катаал чараларды көрүшү мүмкүн экенин билдиришкен.

Украина сыяктуу эле дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү 2014-жылы аннексияланган Крымды Орусияныкы деп тааныган эмес. Орусиянын 2022-жылдын февралындагы кол салуусуна чейин Крымды тынчтык жолу менен кайтарып алуу керектигин айтып келген Киев эми жарым аралды күч менен бошотууга даяр экенин билдирүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар