Новосибирскте турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады

Россиянын Новосибирск шаарында турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-февралда эртең мененки саат 07:43тө Линейный көчөсүндөгү №39 турак үйдө газ жарылган. Натыйжада 1993-жылы туулган А.уулу Т. жана 1978-жылы туулган А.А.К. аттуу эки кыргызстандык жаран жабыркаган.
“А. уулу Т. көмүр кычкыл газына ууланган, абалы орто оор деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми кыргызстандык А.А.К. омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, операция жасалган”,-деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери кырсык катталган жерге барып, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү айтылды.
Белгиленгендей, бул окуя Кыргызстандын башкы консулдугунун жеке көзөмөлүндө.