Новосибирскте газдын жарылуусунан кыргызстандык аял каза болду

 Новосибирскте газдын жарылуусунан кыргызстандык аял каза болду

Орусиянын Новосибирск шаарында жарылуудан жабыркаган кыргызстандык аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, 24-февралда оор абалдагы аял Бердск шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которулган. Дарыгерлердин аракетине карабай бейтап каза болгон.

Каза болгон жарандын сөөгү Новосибирск шаарынан  Ош шаарына Сибирь  (S7)  авиакомпаниясынын  рейси менен жөнөтүлгөн.

Жанылыктар