Нооруз майрамында 28 мас айдоочу кармалды

Нооруз майрамында өлкө боюнча 28 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 21-март күнү өлкө аймагында жол эрежелерин бузуу боюнча 2 миң 608 факты аныкталды:
— коопсуздук курун тагынбагандар – 710 айдоочу;
— тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 31 айдоочу;
— белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар – 394 айдоочу;
— мас абалында унаа башкаргандар – 28 айдоочу;
— башка эреже бузуулар – 1 445 айдоочу.
Белгилүү болгондой, ар кандай жол эрежелерин бузган айдоочулардын 138 автоунаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.
Эске салсак, жаңы эреже боюнча мас абалда унаа башкаргандар унаа башкаруу укугунан ажыратылат.