Ноокенде алдамчылык менен ири өлчөмдөгү чыгымга учураткан шектүү кармалды

 Ноокенде алдамчылык менен ири өлчөмдөгү чыгымга учураткан шектүү кармалды

Ноокенде алдамчылык менен ири өлчөмдөгү чыгымга учураткан шектүү кармалды. Бул туурасында ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Райондук милицияга Россия Федерациясынын 38 жаштагы жараны арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында “Эдик” аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 (жети жүз миң) рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” – деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген”,-деп айтылат райондук милициянын маалыматында.

Натыйжада “Эдик” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-ж.т. тургуну С.А. экендиги такталган.

Кылмышка шектүү кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар