Ноокенде 38 жаштагы жаранды мыкаачылык менен өлтүргөндөр кармалды

 Ноокенде 38 жаштагы жаранды мыкаачылык менен өлтүргөндөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 38 жаштагы жаранды мыаккчылык менен өлтүргөндөр кармалды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси тууралуу милицияга кабар түшкөн. Жансыз дене Ноокендеги Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу автоунаа жол менен Бишкек-Ош автоунаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жериндеги жолдун арыктын ичинде жатат деп айтылган.

Бул маалымат боюнча тергөө иштери жүрүп, жансыз дене колдору жана буттары жип менен байланган абалда табылган. Ал Өзбекстандын 38 жаштагы жараны экени аныкталды.

Аталган факты боюнча “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш  иши  козголуп, кылмышка шектүү катары Шамалдысай шаарчасынын тургундары 1987-ж.т. Н.С., Т.Н., К.И., 1991-ж.т. К.А. жана Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. А.Н. кармалды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар