Ноокатта заманбап шарттагы мектептин курулушу аяктоо алдында

Ош облусунда заманбап шарттагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Ноокат районунун Борко айылындагы мурдагы мектептин эскилиги жетип авариялык абалга келген. 2020-жылы Сауд Аравия өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жаңы мектептин курулушу башталган.
Евро стандарттагы мектептин спорт залы, жыйындар залы, ашканасы, суу кампалары, от казаны курулуп, жылуулук киргизилген. Аталган билим уясынынын биринчи жана экинчи кабатында ажаткана жана кол жуучу жайлар орнотулат.
Жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзгөн. Учурда 85 пайыз жумуш аткарылып, кышка чейин колдонууга берүү пландалууда. Жаңы мектептин ишке кирүүсү менен билим сапатын жакшыртууга шарт тузулөт.
Каримов атындагы мектеп 1971-жылы курулган. Учурда 650го жакын окуучу 3 нөөмөт менен окуп келүүдө.
Быйылкы жылы өлкө боюнча араб фондунун колдоосу менен 26 мектеп курулуп жатат, анын төртөө Ош облусунда.