Ноокатта мечиттерден акча уурдаган жаран кармалды

 Ноокатта мечиттерден акча уурдаган жаран кармалды

Ноокат районунда мечиттерден акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 11-декабрынан 12-декабырына караган түнү Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан “Жийде” борбордук мечитиндеги темир кутучада турган 46 000 сом акчаны белгисиз атуулдар уурдап кетишкендиги тууралу кабар беришкен.

Жогорудагы маалыматтын негизинде ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Баткен облусунун тургуну 27 жаштагы К уулу Б., аттуу жаран шектүү катары кармалды.

Кылмышка шектүү өткөн жылдын 11-декабрынан 12-декабрына караган түнү Жийде айылында жайгашкан “Жийде” борбордук мечитинин эшигин бузуу жолу менен жашыруун түрдө кирип, мечиттин ичинде турган темир кутучаны бузуп, кутучанын ичинде турган 46 000 сом акчасын уурдагандыгы, ошондой эле 2022-жылдын 10-декабрынан 11-декабрына караган түнү саат 06:30 чамасында Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан “Каңды” мечитинин эшигин бузуу жолу менен кирип, кайрымдуулук темир кутучасында (сейф) турган 10 000 сом акчаны уурдап өзүнүн жеке кызыкчылыктарына иштетип жибергендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө шектүүгө кылмыш жаза Кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 30-январына чейин камак түрү тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар