Ноокатта майыптуулугу бар балдарга театр артисттери майрамдык маанай тартуулашты

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен Ош облусунда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча “Биз биргебиз!” аталышындагы бир айлык өтүп жатат. Анын алкагында бүгүн 3-декабрь күнү Ноокат районундагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду. Аталган иш-чарада райондогу ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан даярдалган жомок, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Буратинонун жоруктары” шоу программасы жана белгилүү эстрада жылдыздары катышкан концерттик номерлер тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды.
3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү.
Буга чейин “Биз биргебиз! ” иш-чарасы Араван, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда өткөрүлгөн.