Ноокатта диний экстремистик маанидеги аудио жана видеолорду тараткан жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат шаарында диний экстремистик маанидеги аудио жана видео тасмаларын жайылтууга шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат шаарынын тургуну 22 жаштагы З. А аттуу жаран өзүнун уюлдук телефону аркылуу ар кандай диний экстремистик маанидеги аудио жана видео тасмаларын жайылтып жүргөн жеринен кармалган.
Факт Ноокат милициясынын электрондук журналына катталып, Жазык кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалып, соттук кароого жиберилген.