ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ноокатта дарыяга саркынды суу агызган таш кесүүчү завод убактылуу жабылды

 Ноокатта дарыяга саркынды суу агызган таш кесүүчү завод убактылуу жабылды

Бүгүн, 11-январда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арал айылында дарыяга саркынды суу агызган таш кесүүчү завод убактылуу жабылды. Мындай чечимди аталган заводду текшерип барган атайын комиссия кабыл алды. 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин Ноокат району боюнча башкы инспектору Адилбек Матисаков таш кесүүчү завод уруксаты жок мыйзамсыз иштеп жатканын билдирди.

“4-январь күнү дарыяга кошулган саркынды суу Ноокат районундагы 3 айылды таза суусуз калтырган. Эко-тех инспекциясынын дароо текшерүүгө алганда дарыя менен аккан саркынды суу Араван районунун борборуна чейин жеткен. Анда суунун нормасы 20 пайызга бузулган. Суу менен аккан таштын калдыктары агып кеткен эмес. Учурда да сууну ичүүгө мүмкүн эмес.”- деди Матисаков.

Аталган таш кесүүчү завод 2018-жылы ишин баштаган. Бирок2 жыл иштебей, иш жанданганына 4 ай гана болгон. Атайын комиссия текшерип барган учурда заводдун тиешелүү уруксат кагаздары жана документтерин көргөзүүдөн баш тарткан. Мындан улам завод убактылуу ишин токтотту.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов заводу экологияга зала келтиргендиги үчүн чаралар көрүлө турганын белгиледи. Ошондой эле иштөө графиги  айыл өкмөтү менен бирге бекитиле турганын кошумчалады.

Жанылыктар